Чүйдөгү жол кырсыгынан үч адам өлдү
Окуя болгон жерге министрликтин Токмок шаарындагы №21 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5 кызматкер тартылган. Алар унаага кыпчылып калган маркумдарды чыгарып, райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 44-чакырымы Чүй облусунун Ысык-Ата районуна туура келет. (ErN)
