Трамп менен Путиндин жолугушуусуна саналуу сааттар калды
![Трамп менен Путиндин жолугушуусуна саналуу сааттар калды](https://gdb.rferl.org/0099D92E-6F9C-4C7A-8DC5-876A0FA6EDF5_w800_h450.jpg)
Бүгүн Хельсинкиде АКШ жана Орусиянын президенттери Дональд Трамп жана Владимир Путин жолугушат. Трамп жекшемби күнү кечинде Финляндияга учуп келди. Саммитте эки өлкө президенттери көзмө көз эмнелер тууралуу сүйлөшөрү бүйүр кызыткан темага айланды. Тарыхта биринчи жолу дүйнөлүк эки өзөктүк державанын лидерлери алдын ала күн тартибин бекитпестен жолугуп жатышат. Буга чейин Трамп менен Путиндин жолугушуусунда Украинанын чыгышындагы жана Орусия аннексиялаган Крымдагы жагдай тууралуу сөз болору айтылган. Мындан сырткары өзөктүк куралсыздандыруу маселеси козголору белгиленген.
14-июлда АКШнын башкы прокурорунун орун басары Род Розенстайн 2016-жылы президенттик шайлоодо кийлигишкен деген жүйө менен Орусиянын 12 жаранына айып таккан соң күн тартиби өзгөрдү. Айрым америкалык саясатчылар Трампты Путин менен жолугушуудан баш тартууга үндөп жатышат.
Мындай чакырык менен Сенаттагы демократтардын лидери Чак Шумер да чыккан. Ошондой эле Трампка жолугушуу учурунда АКШнын иштерине орус чалгын кызматкерлеринин кийлигишүүсү боюнча маселени кабыргасынан коюу боюнча талаптар да айтылууда.
Бирок мамлекеттик катчы Майк Помпео АКШ-Орусия саммити мурдагы планга ылайык өтөрүн жана бул жолугушуу абдан маанилүү экени билдирди. Ага чейин Ак үйдүн маалымат катчысы Сара Сандерс да жолугушуу үзгүлтүккө учурабай турганын маалымдаган.