Медресе бүтүрүүчүлөрүнүн келечеги талкууланат
![Медресе бүтүрүүчүлөрүнүн келечеги талкууланат](https://gdb.rferl.org/99B08855-A65D-41CF-A81E-72A9B7CAA548_w800_h450.jpg)
Бүгүн Бишкекте медресени бүткөн балдардын келечеги жана алардын жумуш табуу мүмкүнчүлүгүн талкуулаган конференция өтөт. Бул тууралуу “Булан” институтунун жетекчиси Чолпон Орозобекова “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, медресени аяктагандан кийин окууда жана жумуш табуудагы кыйынчылык, тоскоолдуктар тууралуу сөз болот.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын эсеби боюнча Кыргызстанда исламий багытта билим берген 114 диний окуу жайы бар. Алардын тогузу институт, бирөө университет. Калган 104ү медресе жана окуу борборлор (коомдук бирикмелер).
Быйыл жыл башынан бери мониторинг кылып, материалдык базасын жакшыртуу, билим деңгээлин жогорулатуу талабы менен 23 медресеге эскертүү берилген. Медреселерде 6 миңдей бала окуй турганы айтылат.
Маалым болгондой, соңку 15 жылдан бери Кыргызстан Ислам университети гана Билим берүү министрлигинен лицензия алган. Калган 100дөй медресенин лицензиясы жок. (КЕ)