20 жыл мурдагы өч, Хорватиянын өкүтү, Франциянын доору. Чемпионаттан кийинки ой
![20 жыл мурдагы өч, Хорватиянын өкүтү, Франциянын доору. Чемпионаттан кийинки ой](https://sputnik.kg/images/104020/03/1040200365.jpg)
Ошентип, бир айлык уйкусуз түндөр артта калып, Россиядагы футбол боюнча дүйнө чемпионаты аяктады. Бул ирет дагы футбол керемети жер шарында далайды кайгыртып, көбүн кубанычка бөлөдү. Россиянын 11 шаарына дүйнө жүзүнөн күйөрмандар агылып келип, орустардын меймандостугуна, кең пейилине ыраазы болуп кетишти.