Ормуков өзүнө салынган айыппулду тыйын менен төлөй турганын билдирди
- 2013-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин видеосун көрүп, ыр жазып койгом. Кийин Дастан Бекешев экөөбүз уруша кетип, ал менин ырымды көтөрүп барып "президенттин ар-намысын коргоп бергиле" деп Башкы прокуратурага арыз жазган. Башкы прокуратура үйүмдү камакка алып, жалган жалаа менен кылмыш ишин козгоду. Ага кошумча Бекешев мени сотко берип, жыйынтыгында Биринчи май райондук сотунун судьясы Мидин Жолдошалиев менден 50 миң сом өндүрүү боюнча чечим чыгарган. Учурда ал чечим токтоп турат. Анткени шаардык сот кылмыш иши кайра каралып жатканына байланыштуу аны токтотуп койду. Ошого карабастан мен акчаны төлөйүн деп чечтим. Анткени, чатак башталган кезде эле "акыр-аягы булар өндүрүп алат" деген ойдо акча чогулта баштагам. Жүрөгүм ооруп ооруканага жатканда адвокаттарым, активисттер эсеп ачып, акча чогултуп беришкен. Мен дары-дармек алып, арткан акчаны тең экиге бөлүп, экөөнө берип коеюн деп чечтим.
Ормуков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди сындаган ырына байланышуу айыпталган. Ага каршы Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев укук коргоо органдарына арыз жазган. Бишкектин Октябрь райондук соту быйыл мартта Ормуковду "соттук отурумдарга келбей жатат" деген жүйө менен бир айга №1 тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарган. Буга улай анын батири да камакка алынган. 29-мартта ал Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына чакырылып, камакка алынганы жатканда ичин устара менен тилип жиберген, мындай кадамын өзүн куугунтуктоого каршылык катары түшүндүргөн. Кийин ал “Кыргыз темир жолу” ишканасынын атайын ооруканасынын кардиология бөлүмүнө жеткирилген.
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 5-апрелде аны ооруканада жаткан жеринен колуна кишен салып алып кетип, №1 тергөө абагына камаган. Ал абактан 11-майда чыккан.
Башкы прокуратура 2-июлда Темирлан Ормуков тергөө абагына камалган учурда "анын арызы убагында каралган эмес, эркиндикке болгон конституциялык укугу бузулган" деген айыптын негизинде Жогорку соттун үч судьясына жана Бишкектин №1 тергөө абагынын кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Шалаакылык”, “Адамды мыйзамсыз кармоо” беренелери менен кылмыш ишин козгогон.
Ормуков судьялардын үстүнөн арыз жазбаганын билдирип, муну Башкы прокуратуранын өз күнөөсүн жабуу аракети катары баалап жатат. Ишти азыр Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тергөөдө. Ормуков өзүнө козголгон кылмыш ишти "саясий куугунтук" катары бааласа, депутат Дастан Бекешев мындай дооматты четке каккан. (NT)