Франция чемпиондугун түнү бою белгиледи
Дүйнө чемпиону болгон Франциянын улуттук курама командасы бүгүн мекенине кайтты. Жекшемби күнкү матчтын каармандары түшкөн автобус Париждеги Елисей талаасын аралап өтүп, он миңдеген күйөрмандарга баалуу трофейди тартуулашмакчы. Финалда Хорватияны 4-2 эсебинде уткан француздар ушуну менен экинчи жолу дүйнө чемпиондору болушту.