Аскер кызматкерлери үчүн учурда 297 батир курулуп жатат
Быйыл жарым жылда аскер кызматкерлерине 54 батир тапшырылды. Бул тууралуу Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин батирдик-эксплуатациялык камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Сыргабек Жумабеков кабарлады. Анын айтымында, курулушту “Аскер Курулуш” мамлекеттик ишканасы жүргүзгөн.
Учурда аскер кызматкерлерине дагы үч үй, жалпысынан 297 батир салынып жатат. Алардын бирөө Бишкектин 12-кичи районунда, калган үч үй Ошто салынууда. Курулуш жыл аягына чейин бүткөрүлөт. (KR)