Быйыл Чек ара кызматында беш коррупциялык факт аныкталды
![Быйыл Чек ара кызматында беш коррупциялык факт аныкталды](https://gdb.rferl.org/80C4977E-A8EF-4FE0-B66B-5AECEE885645_w800_h450.jpg)
Мамлекеттик чек ара кызматынын коллегиясынын 20-июлда өткөн кезектеги отурумунда аталган мекемеде коррупция ыктымалдыгы жогору бир нече зона аныкталганы маалымдалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.
Ошондой эле жыйында 2018-жылдын биринчи жарымында аскер адамдары аралашкан коррупциялык беш факт аныкталганы айтылды. Бул багытта учурда тиешелүү органдар кылмыш иштерин козгоп, тергеп жатат.
Кыргызстанда бийлик коррупцияга каршы аесуз күрөш башталганын байма-бай жарыялап жатат. Президент Сооронбай Жээнбеков күч органдарына бардык мамлекеттик кызматтардын коррупцияга шектүү жагдайларын текшерип чыгууну тапшырган. Өкмөттө жемкорлуктан өндүрүлгөн каражат түшүүчү атайын эсеп ачылган. (TSh)