Кыргызстанда каржылык мыйзам бузуулар көбөйдү
![Кыргызстанда каржылык мыйзам бузуулар көбөйдү](https://gdb.rferl.org/28825120-6BF8-4841-8E02-2F9E40F03507_w800_h450.jpg)
Быйыл жыл башынан бери бюджетке 3 миллиард 914 миллион сом зыян келтирилди.
Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 2018-жылдын алгачкы жарымында 981 факты катталган. Материалдарды карагандан кийин мунун 715и боюнча кылмыш иши козголгон.
Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 55ке көп. Келтирилген зыяндын 2 миллиард 387,1 миллион сому мамлекетке кайтарылды.
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы акыркы аптада контрабандалык жол менен ташылып келген транспорт каражаттарын көп аныктаган.