Чүй облусундагы логистикалык борбор өндүрүмүн экспортко чыгарат
![Чүй облусундагы логистикалык борбор өндүрүмүн экспортко чыгарат](https://gdb.rferl.org/19F2DDCE-5AB6-43B0-8EE9-8155D93F61B2_w800_h450.jpg)
Чүй облусундагы логистикалык борбор өз өндүрүмүн экспортко чыгара баштайт.
Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков 26-июлда Чүй облусунун Москва районундагы логистикалык борбордун иши менен таанышкан учурда айтылды.
Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө ишканада 65 адам жумуш менен камсыз болгон. Учурда 460 гектарга жасмык, 300 гектарга нокот жана төө буурчак айдалган. Аларды ички рынокко, ЕАЭБ өлкөлөрүнө, Кытайга, Ооганстанга чыгаруу пландалууда.
«Дан Жемиштери» деп аталган логистикалык борбор фермерлер менен дыйкандарды үрөн-тоют менен камсыздоо, консультациялык кызмат көрсөтүү менен алектенет.