Түндүк Корея АКШга 55 жоокердин сөөгүнүн калдыктарын берди
АКШдагы Ак үйдүн басма сөз кызматы билдиргендей, 1950-53-жылдардагы Корей согушунда мерт болгон 55 америкалык жоокердин сөөгүнүн калдыктары Түндүк Кореядан Түштүк Кореянын борбору Сеулдун жанындагы Осан базасына аскердик-транспорттук учак менен жеткирилди.
Сөөк калдыктарын АКШга расмий репатриациялоо жөрөлгөсү 1-сентябрга белгиленген.
Түндүк Кореянын аймагында курман болгон америкалык аскерлердин сөөктөрүн кайтаруу маселеси президент Дональд Трамп менен төрага Ким Чен Ындын быйыл июнда Сингапурда өткөн саммитинде макулдашылган.
Бүгүн 1950-53-жылкы Корей согушунда ок атышууну жана аскердик аракеттерди токтотуу жөнүндө келишимге кол коюлганына 65 жыл толду. Бирок Түндүк жана Түштүк Кореянын ортосунда согушту расмий бүтүргөн тынчтык келишим али түзүлө элек. (UE)