Ошто дарыгерлер футбол ойноп жатышат
Ош облустук ооруканасынын жападан жалгыз жүрөк кан тамыр ооруларынын дарыгери, 31 жашында дүйнөдөн кайткан Бакай Сабировдун элесине арналган мелдешке алты команда катышып жатат.
Анын ичинен төрт команда облустук оорукананын кызматкерлери. Экөө Бакай Сабировдун жакындары. Оюнга эл аралык футбол арбитри Бахадыр Кочкаров калыстык кылууда. (MdN)