Крым татарлары кысталышта курултай өткөрүштү
![Крым татарлары кысталышта курултай өткөрүштү](https://gdb.rferl.org/67B5A929-69E6-4FCA-8DF8-E1999A32F292_cx6_cy11_cw81_w800_h450.jpg)
12-ноябрда Киевде крым татарларынын курултайы болду. Акыркы жолу мындай чоң жыйын 2013-жылы, жарым аралды Орусия аннексиялай электе өткөн. Ал эми орус бийлиги менен кызматташкан крым татарлары октябрдын соңунда Симферополдо альтернативалуу курултайга чогулушкан.