Түндүк Корея жаңы куралын сынаганын билдирди
Түндүк Корея жаңы жогорку технологиялык, тактикалык куралын сынаганын билдирди. Бул жөнүндө маалыматты жума күнү “Кореянын борбордук маалымат агенттиги” таратты.
“Куралдын үстүнөн адистер өлкөнүн буга чейинки лидери Ким Чен Ирдин тушунда эле иштей баштаган. Курал биздин аймактарды коргоого, армиянын кубатын арттырууга кудуреттүү”, - деп айтылат маалыматта.
Өлкө жетекчиси Ким Чен Ын катышкан сыноо ийгиликтүү өткөнү белгиленип, башка чоо-жайы айтылган жок.
Түштүк Кореянын биригүү иштери боюнча министрлиги да эч кандай башка маалыматы жоктугун билдирди.
Акыркы жолу Ким Чен Ын курал сыноого былтыр барган. Апрелде ал Пхеньян өзөктүк жана ракета сыноолорду токтоторун, жарым аралды өзөктүк куралдан артылтууга багыт алаарын билдирген.