Чикаго менен Денверде адамдарга ок атылды
![Чикаго менен Денверде адамдарга ок атылды](https://gdb.rferl.org/31868824-6D3D-49D9-9133-92D8B94558B3_w800_h450.jpg)
АКШнын Чикаго шаарында белгисиз адам шаардык ооруканага кирип барып ок атып, үч адамды өлтүрдү. Окуя 19-ноябрда болду. Шаар мэри Рам Эммануэл атышуу учурунда полиция кызматкери, дарыгер жана дарыкананын сатуучусу каза болгонун билдирди. Ошондой эле чабуул койгон адам өзү да мүрт кеткен. Бирок ал күч кызматкерлеринин огунан каза болдубу же өзүн өзү атып салдыбы, белгисиз. Күбөлөрдүн бири куралчан киши ооруканага кирип, туш келген адамдарды аткылаганын айтып берди.
Ошол эле күнү АКШнын Денвер шаарынын борборунда да белгисиз адам элге ок атып, бери дегенде бир кишини өлтүрдү. Дагы төрт адам жарадар болду. Окуянын чоо-жайы азырынча белгисиз.