БУУ: Ооганстанда апийим өндүрүү кескин азайды
![БУУ: Ооганстанда апийим өндүрүү кескин азайды](https://gdb.rferl.org/C94DE0B7-F260-486C-8F9B-78C8574FED2C_cx0_cy8_cw0_w800_h450.jpg)
Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттарга жана кылмыштуулукка каршы агенттиги Ооганстанда кургакчылыктан улам апийим өндүрүү былтыркыдан 29% азайганын жарыялады. Мекеменин 19-ноябрда жарыялаган жылдык баяндамасында апийим тогуз миң тоннадан алты жарым миң тоннага аз алынганы, аны айдаган аянттар азайганы белгиленет.
Ооганстандын Баңгизаттарга каршы күрөшүү министрлиги менен эркин сурамжылоо кызматынын маалыматына караганда, апийим эгилген аянттар былтыркыдан 20% кемиген. Башкача айтканда быйыл 263 миң гектар жерге апийим эгилген.
Баяндамада белгиленгендей, кургак апийимдин баасы мурунку жылдагыдан бир килограммы 94 долларга арзандап, 2004-жылдан берки эң арзан баага түштү. Быйыл өлкөдөгү 34 провинцияда апийим эгилбей калды.
Ооганстан - дүйнөдө апийимди эң көп өстүргөн өлкө. Акыркы ондогон жылдар бою эл аралык донорлор баңгизаттарга каршы күрөшкө миллиарддаган доллар каражат сарпташкан.