21-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат
21-ноябрда түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт, күндүз Ысык-Көл облусунун чыгышында кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...-5, күндүз 4...9,
Талас жергесинде түнкүсүн -3...-8, күндүз 4...9,
Ош, Баткен, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3...+2, күндүз 8...13,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2...-7, күндүз 4...9,
Нарын облусунда түнкүсүн -9...-14, күндүз 0...5,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18...23, күндүз -6...-11 градус болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн бир аз кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын болбойт. Жолдорго муз тоңот. Түндө -1…-3, күндүз 6…8 градус болот.