Министрлик: реформада дарыгерлердин штаты кыскарбайт
![Министрлик: реформада дарыгерлердин штаты кыскарбайт](https://gdb.rferl.org/ED4367F5-23EE-47D1-BC07-B006BD964D3D_w800_h450.jpg)
Кыргызстанда үй-бүлөлүк дарыгерлер тобун реформалоодо дарыгерлердин иш орундары азайтылбайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу жана дары-дармек саясат башкармалыгынын бөлүм башчысы Кубанычбек Калмаматов билдирди.
- Бишкекте калктын саны көбөйүп жатат, - деди ал. - Андыктан дарыгерлердин санын азайтууга мүмкүнчүлүк жок. Ушуга байланыштуу штат кыскартуу болбойт. Дарыгерлер: “Педиатрлар, терапевттер, гинекологдор кантип үй-бүлөлүк дарыгер болуп кызмат көрсөтө алат?” деп жатышат.
Бир нече дарыгер 19-ноябрда Жогорку Кеңештин имаратынын алдына нааразылык акциясына чыккан. Алар Саламаттык сактоо министрлигинин реформасына, педиатр, терапевт, гинеколог же башка медициналык кесипке ээ болгон адистерди үй-бүлөлүк дарыгерликке окутууга каршы болушкан.
Ушундай эле талап менен 13-ноябрда алар Саламаттык сактоо министрлигинин алдына нааразылык акциясын өткөрүшкөн.
Учурда Бишкекте 19 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу бар. (BTo)