Кыргызстанда Кызыл китепке кирген келгин куштар көбөйдү
![Кыргызстанда Кызыл китепке кирген келгин куштар көбөйдү](https://gdb.rferl.org/1CE425A6-7616-4D67-ABE0-E77B293F5014_cx2_cy0_cw95_w800_h450.jpg)
Кыргызстандагы коруктарда Кызыл китепке кирген келгин куштардын сейрек түрлөрү көбөйдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги кабарлады.
Мекеменин адистери Соң-Көл, Чатыр-Көл жана Ысык-Көлдүн биосфералык аймагында коюлган фототузактардан алынган кадрларды жана маалыматтарды алгандан кийин ушундай жыйынтыкка келип жатышат. Сүрөттөрдө көрүнгөндөй, бул көлдөрдүн айланасын жапайы куштардын дээрлик көпчүлүк түркүмү байырлап жатат.
Окумуштуулардын эсебинде, Ысык-Көлдүн биосфералык коругунда эле бир нече каракунас, 20 фламинго, 700 турна, 991 ак куу катталды. Ошондой эле жапайы өрдөк-каздар, карабаш шакылдак, куу кумпай (шахин), ителги жана бүркүттөр да бар.
Кыргызстандын аймагына учуп келген куштардын жалпы түрү 350дөн ашат. (ErN)