Кыргызстан коррупциялашкан 30 өлкөнүн ичине кирди
![Кыргызстан коррупциялашкан 30 өлкөнүн ичине кирди](https://gdb.rferl.org/6A4C11B6-F4A1-4640-810F-A8736FF39947_w800_h450.jpg)
Дүйнөлүк экономикалык форум глобалдык атаандаштык индекси боюнча коррупциялашкан өлкөлөрдүн жылдык рейтингин чыгарды. Анда паракорчулукту кабылдоо индекси методологиясы менен 140 өлкөдөгү коррупциянын деңгээлине 1ден 100гө чейинки шкала боюнча баа берилген. 100 деген баа алган өлкөлөрдө коррупция жок дегенди билдирет. Кыргызстан 29 балл алган. Ошол эле учурда Орусия 22, Тажикстан 21 балл алган. Мындан сырткары паракорчулук күчөгөн өлкөлөрдүн катарында Парагвай, Мексика, Лаос, Доминикан Республикасы жана Гондурас бар.
Business Insider басылмасы көбүрөөк коррупциялашкан деп жакырчылыктын деңгээли жогору, укуктук жана өкмөттүк системалар алсыз Африка, Борбордук Америка жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүн эсептейт.