Тумандан улам “Манас” аэропортунда 7 каттам кармалууда
![Тумандан улам “Манас” аэропортунда 7 каттам кармалууда](https://gdb.rferl.org/C8C8BD36-34A4-48D8-A851-93B497DCFD17_w800_h450.jpg)
Коюу тумандан улам эл аралык “Манас” аэропортунда жети каттам кармалууда. Алардын алтоо эртең мененки, бирөө 28-ноябрдын кечинде уча турган каттам. Учурда 200 метрден алыс аралык көрүнбөй жатат. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, 29-ноябда саат 14:30 жана 14:40та Үрүмчүдөн эки каттам келиши керек. Мындан сырткары Стамбулдан үч каттам өз убагынан кечигүүдө.