Түзүлө элек “Кыргыз туризмдин” түйшүгү
![Түзүлө элек “Кыргыз туризмдин” түйшүгү](https://gdb.rferl.org/44D956C4-B31C-466F-B3EC-D5E5E5F791E9_w800_h450.jpg)
Маданият, маалымат жана туризм министрлиги туризм жаатында иш алып барган дагы бир “Кыргыз туризм” ишканасын түзүүнү сунуш кылып жатат. Маалымат боюнча ишкана музейлерди, аймактардагы туристтик объектилерди өз карамагына алып, чарбалык иштерди жүргүзөт жана Кыргызстанды чет жакта жарнама кылат.