Прокурордун өлүмү боюнча маалымат берилди
![Прокурордун өлүмү боюнча маалымат берилди](https://gdb.rferl.org/29fbebab-6570-4476-9fe4-17428ddb1d0c_tv_w800_h450.jpg)
Бишкекте Башкы прокуратура менен Ички иштер министрлиги Баткен облусунун мурдагы прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмү боюнча басма сөз жыйынын өткөрүштү. Анда күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү окуянын чоо-жайы, кылмышка шектүү Мелис Калыковдун "кыйноого кабылдым" деген даттануусу тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп беришти.