Украин аскерлери Москвадагы түрмөгө жеткирилди
Керч кысыгында кармалган украин кемелериндеги деңиз аскерлери Москванын "Лефортово" түрмөсүнө жеткирилди. Бул тууралуу адвокат Жемил Темишев "Фейсбукка" 29-ноябрда анын "Лефортово" абагындагы "кесиптештери" украин аскер кызматкерлери алып келингенин кабарлашканын жазды.
Дагы бир адвокат Эмин Авамилева украин жарандарын Москвага "учак менен жеткиришкенин" билдирди.
Кармалган украин деңиз аскерлеринин канчасы Москвага жеткирилгени тууралуу так маалымат жок. Андан тышкары кемелерде жарадар болгон үч кишинин тагдыры да белгисиз.
Азырынча Москва эч кандай маалымат бере элек.
Орусия аннекциялап алган Крым жарым аралындагы Симферополь шаарынын райондук соту украиналык "Яни Капу" буксириндеги жана "Никополь", "Бердянск" артиллериялык катерлериндеги деңиз аскерлерин эки айга - 25-январга чейин камакка алган.
25-ноябрда Керч кысыгында Украина менен Орусиянын кемелеринин ортосундагы жаңжалда жалпысынан 24 украин жоокери кармалган.