Швецияда борбор азиялыктардын соту башталды
Швецияда терроризм боюнча айыпталып жаткан кыргыз жана өзбек жарандарынын соту башталды. 7-январдагы алгачкы соттук териштирүүдө прокуратура айыпталуучулардын айрымдары Швецияда ири теракт уюштурууну көздөшкөнүн билдирди. Бирок соттолуучулар дооматтарды четке кагып жатышат.