Орусия: жүргүнчү учактарды атып түшүрүүгө жол ачкан мыйзам сунушталды
Орусиянын Коргоо министрлиги өлкөнүн аба мейкиндигине уруксатсыз кирген жүргүнчү учактарды атып түшүрүүгө жол ачкан мыйзам долбоорун сунуштады. Мындай документ укуктук актылардын долбоорлору боюнча өкмөттүк сайтка жарыяланды.
Бул сунушка ылайык, жүргүнчү учактар Орусиянын аба мейкиндигине уруксатсыз кирсе, эскертүүлөргө же эскертүү максатында атылган окторго жооп бербесе, адамдардын массалык өлүмүнө, экологиялык катастрофага себепчи болоору же стратегиялык объектерге коркунуч жаратаары аныкталса, анда андай учактар атып түшүрүлүшү мүмкүн.
Мыйзам долбоорунда орус күчтөрү белгисиз учак Орусиянын аба мейкиндигине киргенден 50 чакырым учуп өткөнгө чейин чечим кабыл алышы зарылдыгы айтылган.
Ошондой эле жүргүнчү учактар адам өмүрүнө коркунуч жаратпаса же экологиялык катастрофага жол ачпаса, атып түшүрүлбөйт деп белгиленген. Бирок документте орус армиясы учак кандай коркунуч жаратаарын кантип аныктаары так жазылган эмес.
Орус өкмөтү 1994-жылы жүргүнчү учактарга ок атууга тыюу салган болчу.