Былтыр мамлекеттик имараттардын ижарасынан 158 миллион сом жыйналды
2018-жылы мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн бюджетке 158,3 миллион сом түшкөн. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду кабарлады. Фонддун маалыматы боюнча, былтыр ижарадан 100 миллион сом топтоо пландалган. Мамлекеттин карамагындагы имараттарды ижарага берүүдөн түшкөн каражаттын көбөйүшүн мекеме аукциондордун электрондук түрдө өтө баштаганы менен түшүндүрүүдө. Былтыр октябрдан тартып 10 электрондук аукцион өткөрүлгөн. Январь айынын аягына чейин 58 аукцион өткөрүү пландалууда.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун карамагына 140тай мамлекеттик ишкана кирет. Буга чейин парламентте мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдө жана пайдаланууда коррупция күч алып, ал натыйжасыз башкарылып жатканы тууралуу сын айтылып келген. (BkA)