Аба ырайы: кар жаабайт
Кыргыз гидрометеорология борбору билдиргендей, 14-январда өлкө аймагында кар жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -3...-8, күндүз 6...11;
Таласта түнкүсүн -4...-9, күндүз 5...10;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -10...-15, күндүз -1…4;
Баткенде түнкүсүн -3...-8, күндүз 5...10;
Ошто жана Жалал-Абадда түнкүсүн -2...-7, күндүз 5...10;
Нарында түнкүсүн -23...-28, күндүз -11...-16 градус болот.
14-январда Бишкекте түнкүсүн кар жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -5…-7 суук, күндүзгү жогорку температурасы 7…9 градус болот.
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.