Грек министри өлкө аталышынын айынан кызматтан кетет
Грециянын коргоо министри Панос Камменос Македониянын аталышына байланыштуу талаштан улам кызматтан кетип жатканын билдирди. Ал ошондой эле «Көз карандысыз гректер» партиясы коалициядан чыгып, өзү менен кошо дагы алты министр кызматын тапшырарын белгиледи.
Камменос өлкөнүн аталышына байланыштуу талаш боюнча мунасага башынан каршы. Бирок македон парламенти «Түндүк Македония» деген аталышты таанып, ратификациялагандан кийин гана кызматтан кетүүнү чечти.
Грек өкмөт башчысы Алексис Ципрас ушундан соң өкмөткө ишеним көрсөтүү маселесин парламентке коерун билдирди. Парламент аталыш боюнча да жакынкы күндөрү добуш бериши керек.
Камменос Грециянын облустарынын бири Македония деп аталарын баса белгилеп, коңшу өлкөнүн аталышында бул терминдин камтылышына каршы.
Скопье менен Афины 1991-жылдан бери өлкөнүн аталышын талашып келишет. 2018-жылы жайында өкмөттөр эки өлкөдөгү каршылыктарга карабай мунасага жетишкен. Ага ылайык, мурдагы югославиялык мамлекеттердин бири “Түндүк Македония” деп аталган. Мунаса македондуктардын НАТО менен Евробиримдикке кирүүсүнө мындан ары "Афины жолтоо болбойт" дегенди билдирет.