Демократ-конгрессмен президенттик шайлоого барат
Техастык демократ-конгрессмен Хулиан Кастро 2020-жылдагы президенттик шайлоого катышарын расмий жарыялады.
Кастро 44 жашта, чоң атасы Мексикадан көчүп келген. Барак Обаманын администрациясында Турак-жай курулушу жана шаарды өнүктүрүү министрлигин жетектеген. Аны көптөн бери Демократтар партиясынын «жаркын жылдыздарынын» бири катары баалап келатышат.
Кастро талапкерлигин коерун жарыялары менен АКШны түрө кыдырарын да билдирди.
Кастро алдыдагы президенттик шайлоо үчүн формалдуу үгүт өнөктүгүн баштаган биринчи саясатчы эмес. Бир жыл мурда экс-конгрессмен Жон Делани президенттикке баруу ниетин билдирген. Президент болуу оюн конгрессмендер Элизабет Уоррен жана Тулси Габбард да билдиришкен.