Саудиялык качкын кыз Канадага барды
Сауд Арабиялык Рахаф аль-Кунун ишембиде Торонтого учуп барды. Мунун алдында ага Канада бийлиги башпаанек берген.
Аль-Кунун саудиялык коомдогу катаал эрежелерди, чектөөлөрдү сактоодон баш тартканы үчүн ата-эне, туугандары тарабынан куугунтукка кабылганын, өмүрүнө коркунуч барын айтып Таиландга бир жума мурда качып барган.
Рахаф аль-Кунун Баңкоктун чек ара көзөмөл бекетинде кармалган. Ал үй-бүлөсү менен Кувейтке барган жеринен качып кеткенин, эгер Сауд Арабияга кайтарышса өмүрүнө коркунуч тууларын билдирген.
Транзиттик аймакта эки сутка отургандан кийин Улуттар Уюму аны "качкын" катары таанып, аз өтпөй Канада тийиштүү макам берген.
Рейтер» агенттиги мындай чечим Оттава менен Эр-Рияддын мамилеси чыңалып турган учурда кабыл алынганын жазат. Өткөн жылы Канада бийлиги адам укугу үчүн күрөшкөндөрдү тез арада абактан бошотууну Саудия бийлигинен талап кылган. Буга падышалык нааразылык билдирип, эки өлкөнүн жаңы соода келишими үзгүлтүккө учураган.