Кыргызстан тамактан жабыркаган өлкөлөрдүн алдыңкы сабына кошулду
Германиянын Йена шаарындагы Фридрих Шиллер университети тамактанууга байланыштуу узактан берки изилдөөсүнүн жыйынтыгын жарыялады.
1990-2016-жылдар аралыгында жүргүзүлгөн изилдөө туура эмес тамактануудан улам адам өлүмү эң көп мурдагы советтик өлкөлөрдө катталганын көрсөткөн.
Сап башында Өзбекстан, ар бир 100 миң кишиден 394ү тамакты туура ичпегендиктен өлүмгө учурайт делет. Кыргызстанда жүз миңдин ичинен 350 киши деп көрсөтүлүп, үчүнчү орунга коюлган.
Алдыңкы ондукта жалаң постсоветтик өлкөлөр: Түркмөнстан, Украина, Молдова, Азербайжан, Беларус, Тажикстан, Казакстан жана Орусия бар.
Изилдөөнүн авторлору бул өлкөлөрдүн жарандары тамак-аштагы туздун көптүгүнө жана жашылча-жемиштерди аз колдонууга байланыштуу келип чыккан дарттардан жабыркашат деген тыянакка келишкен.
Ал эми Европада туура эмес тамактануунун айынан германиялыктар эң көп жабыркаары көрсөтүлгөн. Испания, Израиль жана Францияда жашагандар туура азыктанат делет. Бул өлкөлөрдө ар бир 100 миң кишинин 43-46сы гана тамактын айынан өмүрүнөн айрылат деп эсептелген.