Ислам Каримовду тейлеген үч учактын бири сатылды
Өзбекстанда Uzbekistan Airways авиакомпаниясынын 1997-жылы атайын өлкө жетекчилиги үчүн жасалган Avro RJ85 (борттук номуру UK-80001) учагы сатылды. "Азаттык" радиосунун өзбек кызматы AviaSpotter Телеграм-каналына шилтеме берип жазганына караганда, жогорку даражадагы жетекчилерди ташыган үч лайнердин бири болгон бул учак Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовду тейлеген.
1997-2013-жылдары Каримов аны менен өлкө ичин жана чет мамлекеттерди кыдырган.
Мындан тышкары UK-8002 жана UK-80003 учактары да сатыкка коюлганы жатат. (RK)