Одри-Аиданын америкалык ата-энеси
12 жаштагы Одри Аиданы 11 жыл мурда америкалык үй-бүлө асырап алган. Ал ушул жашка чыкканга чейин АКШда жашады. Жарым жылда мурда ал ата-энеси менен Кыргызстанга келген. Ал мурда туулган жерин сүрөттөн гана көрүп келсе, эми ата-энеси менен өлкө аймагын кыдырып жүрөт. Учурда ал кыргыз маданияты, салт-санаасы менен таанышып, кыргыз тилин үйрөнүүдө.