Бразилияда дамба жырылып 300дөй адам дайынсыз жоголду
Бразилиянын Белу-Оризонти шаарынын аймагында дамбаны суу жырып кетип, бери дегенде тогуз адам өлүп, үч жүздөй киши дайынсыз жоголду. Бул тууралуу "Globo" телеканалы кабарлады.
Шахтанын чыгындылары топтолгон дамба жума күнү жарылган. Натыйжада, шахтаны жана бир канча үйдү суу каптаган. Апаат болгон жерде жүзгө жакын куткаруучу иштеп жатат. Жакын жерде жашагандар коопсуз жакка көчүрүлдү.
Окуя болгон жерге үч министр барды. Бразилиянын президенти ишемби күнү келери кабарланган.