КСДП Мискенбаев кайра сурак берүүгө чакырылганын билдирди
Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) мүчөсү, парламенттин мурдагы депутаты Мээрбек Мискенбаев 26-январда кайрадан суракка чакырылды.
Партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдиргендей, ал ушул тапта Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматында сурак берүүдө.
Мискенбаев 25-январда да 11 саат сурак берип чыккан.
Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Анастасия Пискур Мискенбаев бир күн мурда суракка чакырылганын ырастап, андан башка маалымат бөлүшкөн эмес.
Мээрбек Мискенбаевге байланыштуу иш 2016-жылы башталган. “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин өкүлү Марипа Алыйкулова "Мискенбаев бул уюмду жетектеп турган учурда апрель ыңкылабынын катышуучулары үчүн кайтарымсыз жардам катары берилген, баасы 2 миллион сомдук көмүрдү сатып жиберген" деп айыптаган. Отунду “Кыргызкөмүр” ишканасы бергени айтылган.
2018-жылы Алыйкулова Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына арыз жазып, аталган мекеме алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. “Азаттык” радиосуна берген маегинде Мискенбаев өзүнө коюлган айыптарды четке каккан.