Бразилияда дагы бир дамба жырылуу коркунучунда экени эскертилди
Бразилиядагы "Vale" деп аталган тоо-кен компаниясы Минас-Жерайс штатындагы Брумадиньо аймагында дагы бир дамба жырылып кетүү коркунучунда экенин билдирди. Жекшембиде компаниянын расмий сайтында жарыяланган маалыматта дамбада суу ашыкча топтолуп жатканы белгиленген.
Аталган штатка караган Белу-Оризонти шаарынын аймагындагы шахтанын чыгындылары топтолгон дамба жума күнү жырылып, апаатта 34 адам курман болду. 23 киши жабыркаганы такталды. Дагы 296 кишинин дайыны чыкпай жатканын "Globo" телеканалы кабарлады.
Минас-Жерайс штатында үч күндүк аза күтүү жарыяланды.