Куинджинин уурдалган сүрөтү табылды, шектүү кармалды
Подмосковьенин Одинцовский районунда бир күн мурда Третьяков галереясынан уурдалган сүрөтчү Архип Куинджинин "Ай-Петри.Крым" сүрөтү табылды.
Ички иштер министрлигине таянып орус маалымат каражаттары уурулукка шектелген киши кармалганын жазышты. Сүрөт "жаңы курулуп жаткан объекттин аймагында" табылганы кабарланды.
Ысымы аталбаган 31 жаштагы шектүү өз күнөөсүн мойнуна алган эмес. Ал мурда да мыйзамсыз маңзат сактаганы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылганы айтылды.
Орусиянын Ички иштер министрлиги жарыялаган видеодо шектүү"Ай-Петри. Крым" деп аталган сүрөттү чак түштө элдин көзүнчө эле рамкасынан чыгарып, алып кетип калган. Көргөзмөгө келгендер аны музейдин кызматкери деп ойлошконун айтышкан.
Третьяков галереясында "Архип Куинджи" деп аталган көргөзмө былтыр 6-октябрда ачылган. 17-февралга чейин улана турган иш-чарага сүрөтчүнүн 180дөн ашуун эмгеги коюлган.