Роухани Ирандагы кыйынчылыктар үчүн АКШны айыптады
Ирандын президенти Хасан Роухани өлкөдөгү экономикалык кыйынчылыктар үчүн иран бийлигин эмес, Кошмо Штаттарды “айыптуу” деп айтты.
Роуханинин интернет-сайтындагы билдирүүдө өлкө "соңку 40 жылдагы эң катуу кысымга жана экономикалык санкцияларга кабылганы” айтылат.
Иран Республикасынын негиздөөчүсү Аятолла Хомейнинин урматына уюштурулган салтанатта: “Биздин башыбыздагы мүшкүл Американын жана анын жолун жолдогондордун айнынан болууда. Андыктан өз милдетин аткарган өкмөттү жана мамлекеттик системаны айыптоо туура эмес”, - деди Роухани.
Иран президенти өз сөзүн мекендештерин “биримдикке” үндөө менен жыйынтыктады.
11-февралда Иранда Ислам ыңкылабынын 40 жылдыгы белгиленет. Бул күнү Тегеранда жана башка шаарларда жүз миңдеген кишилер өкмөттүк демонстрацияга катышат.
1979-жылы 11-февралда Аятолла Рухолла Хомейни баштаган демонстранттар Шах Реза Пехлевини тактыдан кулатып, ислам мамлекетин курарын жарыялашкан. Андан бери өлкөнү исламчыл бийлик башкарып келе жатат.
Ирандын экономикасы өзөктүк программасына байланыштуу Батыш киргизген санкциялардан кийин кыйынчылыктарга туш болгон.
2015-жылы Иран менен дүйнөлүк алты ири мамлекет – АКШ, Британия, Франция, Германия, Орусия жана Кытай кол койгон документте "Тегеран өзөктүк тармактагы аракеттерин чектейт, бул үчүн Иранга каршы санкциялар жеңилдетилет" деп айтылган.