Өзбекстандын мечиттеринде дүлөйлөр үчүн да баян айтыла баштады
Өзбекстандын борбордук мечиттеринде 25-январдан тартып жума кутбалары жаңсоо аркылуу да түшүндүрүлө баштады. Бул тууралуу Дин башкармалыгы маалымдады. Өткөн жума күнкү насаат онлайн-камералар аркылуу көрстүлдү. Эми кулагы укпаган адамдар мечитке коюлган монитордон имамдын намаз окуп жатканына гана көз салбастан, анын айткандарын дагы түшүнө алышат. Ошондой эле мечиттердин сыртына майыптар үчүн атайын жайлар бардыгын көрсөткөн белгилер илинди деп билдирди.
Podrobno.uz интернет басылмасы кабарлагандай, мындай жаңы кызмат өткөн жумада Ташкенттин “Шейх Зайниддин», Чирчиктин борбордук мечитинде жана Самарканд облусунун «Кожо Исхак Вали» мечитинде ишке киргизилди.
1-февралдан тарта өлкөнүн 25 мечитинде жума кутбалары жаңсоо менен коштолот. Бара-бара мындай ыкма бардык аймактарга жайылтылат.