Орусияда кармалган сенатордун атасы газ уурдоого шектелип жатат
Санкт-Петербургда Карачай-Черкес жумуриятынын Федерация Кеңешиндеги мүчөсү Рауф Арашуковдун атасы Раул Арашуков кармалды.
Тергөө комитети билдиргендей, Раул Арашуков "Газпром" компаниясынын жаратылыш газын уурдаганга тиешеси болушу мүмкүн. Жалпы чыгым 30 миллиард рубль деп эсептелген. Бул кылмышка анын уулунун дагы тиешеси болушу ыктымал.
Тергөөнүн версиясы боюнча табигый байлыкты уурдоо беш жыл бою ишке ашкан. Тергөө амалдары Москвада, Санкт-Петербургда, Ставрополдо, Махачкалада, Будённовскиде, Астраханда жана башка шаарларда жүргүзүлгөн.
Ачык маалыматка караганда, Раул Арашуков – "Газпром межрегионгаз» ишканасынын башкы директорунун кеңешчиси, Карачай-Черкес Республикасынын Элдик кеңешинин депутаты, "Бирдиктүү Орусия" партиясынын мүчөсү.
30-январда анын уулу, сенатор Рауф Арашуков парламенттин жабык жыйыны өтүп жатканда кармалды. Орус маалымат агенттиктери ал бир катар кылмыштар боюнча шектүү катары колго камакка алынганын кабарлашты.