Ысык-Көл облусунда 500гө жакын бала эмдөөдөн өтө элек
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда жалпы облус боюнча 457 бала эмдөөдөн өтпөй турат.
Өкүлчүлүктүн маалыматында алардын ичинен 390 бала диний көз караштан улам, 55 бала эмдөөдөгү коопсуздуктан шек санагандыктан, төрт бала эмдөөнүн пайдасы жөнүндө маалыматы жоктугунан жана сегиз бала ар кандай себептерден улам баш тартканын айтышкан.
Социалдык адистердин түшүндүрүү иштеринен соң 390 баланын ичинен 31 баланын ата-энеси балдарын эмдөөдөн өткөргөн. (AsM)