Страсбург соту: Орусия Грузияга 10 млн евро кенемте төлөйт
Адам укуктары боюнча Европа соту бейшемби күнү Орусияны Грузияга 10 миллион евро төлөөгө милдеттендирди. Тбилиси бул акчаны 2006-жылы Орусиядан депортацияланган грузин жарандарына кенемте катары бөлүштүрүп берүүгө тийиш.
Ошентип, грузин жарандары 13 жылдан кийин кенемте алмай болушту. Бир жарым миңдей кишиге 2 миңден 15 миңге чейин евро тиймекчи.
Страсбург соту Европа конвенциясынын "коллективдүү депортация", "эркиндиктен мыйзамсыз ажыратуу", "камалганда ырайымсыз, ар намысын тепсеген шартта кармоо" деген беренелери бузулган деп тапты.
Европа сотунун Чоң палатасынын чечими акыркы болуп саналат, аны талашууга болбойт. Эми Европа кеңешинин министрлер комитети чечимдин аткарылышына көз салып турушу керек.
2006-жылы Грузияда Орусиянын чалгын кызматынын төрт кызматкери тыңчылык үчүн айыпталып кармалган.
Ошондон кийин Орусия "виза режимин бузду" деген шылтоо менен грузин жарандарын өлкөдөн чыгара баштаган.
Грузиянын Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, 2006-жылдын сентябрынан 2007-жылдын январына чейин грузин жарандарын чыгаруу жөнүндө 4600 буйрукка кол коюлган. Эки миңден ашык киши кармалып күч менен депортацияланган, калгандары Орусиядан өздөрү кетишкен.
Москва бардык айыптоолорду четке кагып, мыйзамсыз миграцияга бөгөт коюу аракетин гана көргөнүн айтып келе жатат.
2007-жылы Тбилиси Европа сотуна даттанып, 70 миллион 320 миң евро талап кылган. Орусия ага макул болгон эмес.
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.