Аба ырайы: кар жаайт
Кыргызстанда 1-февралда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, карга айланат. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 5-10 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз -2…+3;
Суусамырда түнкүсүн -20…-25, күндүз -14…-19;
Таласта түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4;
Баткенде түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…5;
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…5;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…-9, күндүз -3…+2;
Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -8…-13;
Бийик тоолордо түнкүсүн -25…-30, күндүз -8…-13 градус суук.
Бишкекте 1-февралда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз 3…5 градус жылуу болот.