БШК Эдик Досиевге шаардык кеңештин депутатынын мандатын тапшырды
Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) "Өнүгүү-Прогресс" партиясынан шаардык кеңешке талапкер болгон Эдик Досиевдин арызын канааттандырып, ага шаардык кеңештин депутатынын мандатын тапшырды. Бул тууралуу "Азаттыкка" БШКнын басма сөз кызматы кабарлады.
"Өнүгүү-Прогрессте" бошогон орунга тизмеде №10 болуп турган Досиев келиши керек эле. Бирок партиянын саясий кеңеши мандатты №23 орунда турган Аллаберди Парпиевге берүүнү чечкен. Досиев буга байланыштуу БШКга арыз менен кайрылган.
Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары 2016-жылы шайланып жатканда "Өнүгүү-Прогресс" фракциясына сегиз мандат тийген. Фракциянын депутаты Аликбай Сариев Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаков менен чогуу соттолгондон кийин анын ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, орду бош калган. Тизмедеги кезекке ылайык, мандат Эдик Досиевге берилиши керек болчу. (KR)