Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Февраль
2020

20.05.08

0

«Аалам», 20.05.08 — 2-бет: Жумасереп…•№49, 20.05.08-ж.

  Жумасереп

Чырдын башы Чымкоргон
Сөздү кайпактатпай түз айталы: ажонун Баткен менен Тажикстан сапары экинчи Каркыранын башын кылтыйтып отурат. Анан эми, Баткен сапары жөнүндө азыноолак сөз кылууга аргасыз болосуң. 15 жылдан бери Баткенге баам салган бийлик эзели болгон эмес. Андыктан, маданий, социалдык абалын эске албаганда, экономикалык каржы маселеси итке минген кедейдин кейпинде турат. Коңшулар менен чегара чатагынан улам ички миграция гүлдөп-өнүгүүдө. Жергиликтүү бийликтин укугу оголе чектелген. Жашырганда не, борбордук бийликтин наркобизнеси Алай-Ош трассасы аркылуу Баткен облусун аралап, андан ары коңшу мамлекеттерден бактысын табат. Жергиликтүү калктын көргөн азап-тозогун мурунку бийлик чымын чакканчалык да көргөн эмес. Азыр деле ошондой. Коңшулар күн сайын биздин аймактарга жайгашып жатканы жөнүндөгү маалыматтар маалымат иретинде гана калып кетти. Коргоо министрлиги менен тиешелүү ведомстволор көчүгүн «креслодон» копшоп да коюшалек. Тышкы иштер министри Эднан Кара-баевдин бул багыттагы ишмердүүлүгү эсибизде жок экен. Аны-муну кой, картадан Баткен облусун таап бер десең, Эднан Карабаев Израилдин ары-жак, бери-жагынан шыкааласы ыктымал… Биз ушинтип түшүнөбүз, ал кишини.
Президент чегара чыры жалынга тутанаар мезгилин таап, өз убагында Баткенге барды. Алгач Кызылкыядагы цемент заводунун курулушу менен таанышты. Антпесе да болбойт. Бийликтин кадыр-колкоо кылган жалгыз көзгө басаар нерсеси ушул. Данияр Үсөнов сыяктуу «күркүл» чоңдорун ээрчите барган экен, анысы бүтелек заводдун пайдасын чотуна кагып кирди. Түзүк, анын айтымында, Баткен 5 жылдын ичинде катарга кошулуп, ички миграция кан буугандай токточудай. Бир эле цемент заводу менен региондор өнүгө турган болсо, анда Талас, Нарын облустары унутта калбоого тийиш. Ошентип, элдин башынан сылап, жылуу пикирлерин айтып, оппозицияны шыбап, андан ары Тажикстандын Ходжент шаарына өтүп кетишти. Мындан биз, баягы эски обон, эски пластинкадагы «биз иштейли десек, оппозиция бут тосуп иштетпей жатпайбы. Карагылачы, алардын айынан инвестиция да келбей жатат» дегенди түшүндүк. Арийне, маалымат айдыңынан таптакыр алыста калган Баткен калкы Каркырадай жеринен айрылып, пакеттеп энерго тармагы капчыктууларга садага чабылганынан кабары жок да. Же жылуу сөз, жылуу пикирлерге курсак тойобу?
Имомали Рахмон биздин ажону мамлекеттик бийик деңгээлде кабыл алып, кыргыздын көңүлүн алдыбы же адамгерчилигин көрсөттүбү? Аны мезгил, анан алдыңкы күндөгү чегараларды тактоо проблемасы таразалайт. Бирок, эмне болгон күндө да, Курманбек Бакиевдин расмий визити жемишин берээр күн алыс эмес (ушинтип, үмүт кылып туралы). Кыргыз бийлиги, айрыкча, Саламат Аламанов деген немеси, Кытай, Казакстан, Өзбекстан Орто Азиянын «уктап жаткан арстаны» — жер талаш маселесин оңунан чечпесек, алар эки чайнап, бир жутат таризинде күйпөлөктөп жүрүшүп, Үзөңгүкууш менен Каркыраны берип тынышты. Казактар Каркыраны 2003-жылы басып кирип, блок постторун жайгаштырып алганын «акжолчу» депутаттар ырдап эле жатышпайбы… Аларды эми танка менен да сүрүп чыгалбайбыз деп, Зайнидин Курманов менен Бегалы Наргозуев момураса, жанына киши туралбайт, чиркин. Кыргыз өлкөсү бүгүн алсыз, эларалык коомчулукка кадыр-баркы жок экени жалган беле? Бирок, турмуш деген көп кырдуу да. Качандыр бир убакта коңшуларга сес көрсөтөөр дарамети келген мезгилинде талаш аймактар акыл-эс менен ратификация болоор. Бул сапар Тажикстан менен болгон 500 км ден ашык аймактар чечилүүсү зарыл. Ортодо кандай саясат болот(?), аны айтыш азыр өтө эрте. Бирок айтып коюучу нерсе — Тажикстан бийлик баалагандай Казакстан, Кытай сыяктуу «уктаган арстандардын» катарына кирбейт. Мындан коркуп-үркүп, айрым тышкы күчтөрдүн кабак-кашына деле карабай маселени оңунан чечүү зарыл. Болбосо, элдин көңүлүн катуу айнытышат. Буга Үзөңгүкууш менен Каркыра күбө. Эгер кызыкчылыктар төп келбесе, парламент ратификацияны жактырбай, кол шилтөө укугуна ээ. Анткени, Баткен кайнаган ботко сыяктанат. Кадамжай облусунун өзүндө эле Халмийон, Чимийон деген айылдардын башы дале ачылалек. Кырдаал өтө оор. Ошондуктан, «чырдын башы Чымкоргон», «зарыл ишиң болбосо, Зардалыга барбагын» сыяктуу сөздөр калган.

Манас ОСМОН


  Ойилик

— Коомдук парламенттин жүргүзгөн саясаты купулуңузга толобу?
Абдыгул Чотбаев,
Бишкек шаардык
кеңешинин депутаты:
Азыр алардын негедир дымы чыкпай кетти го. Ушунча түзүлгөндөн кийин жеке амбицияларды кое туруп, иштеш керек эле. Жадакалса конкреттүү программаларын да көрелекпиз. Анан кайдагы саясаты? Чынын айтсам, купулума толбойт. Бийликке конкреттүү сунуштар менен чыгалбай жатканы өтө өкүнүчтүү.

Касым Исаев,
персоналдык пенсионер:
Коомдук парламент азыр тандалуу жолунда баратат. Арасында экс-премьер, экс-спикер баш болуп, жаңы саясатчылар да толтура. Эми айрым саясатчылар ал жерден кетет. Ошентип отуруп, иргелишет. Анан мезгили келгенде бөлүнбөй, максатына бирге аттанышат деп ойлойм. Коомдук парламентти азыр эл сынына коюу өтө эрте.

Нурлан Мотуев,
«Каракече» мамлекеттик көмүр
ишканасынын экс-жетекчиси:
— Коомдук парламент деген өзү абсурд. Мансапка тойбой, бийликке жетпегендер уюшуп алышкан. Уят эмеспи, алардын ичинде 15-20 жылдан бери бийликте жүрүп тойбогондор бар. Мына, мен деле 2 жыл иштеп баса бердим. Таарынбай-нетпей эле жүрөм. Булардын саясаты жок. Болсо айтмакмын.

Чолпон Жакупова,
«Атамекен» партиясынын мүчөсү:
— Коомдук парламент түзүлгөндө өзүнө биртоп максаттарды койгон. Мисалы, коомдогу болуп жаткан окуяларды талкуулап, элди маалымат менен камсыз кылуу. Бүгүнкү күндө парламент өз милдеттерин аткарып жатат. Бир топ маселени талкуулап, өз сунушун айтты. Бирок, учурда оппозиция, эл, бийлик болуп үчкө бөлүнүп алган. Бийлик сунуштарды таптакыр укпаган багытка түшүп алган. Ошондуктан, Коомдук парламенттин иши көрүнбөй жатса керек.

Улугбек Ормонов,
ЖК депутаты:
— Бул атайын бийликке таарынгандар түзгөн уюм. Жарытылуу деле сунуштары жок. Өздөрү каалаганда чогула калып кыйкырып калбаса, алардын бар-жогу деле белгисиз. Анан кайдагы саясаты болсун? Купулга толуш үчүн аткарган жумуштары болуш керек. Булар андай нерседен куржалак калууда.

Азиза Абдрасулова,
укук коргоочу:
— Алардын жүргүзгөн саясатын таразалаш үчүн алгач аткарган жумуштарын билишим керек. Ошентсе да, алар оозун жаап биротоло отуруп алды дегенден алысмын. Өз дараметтерине ылайык коомдо болуп жаткан окуяларга пикирлерин билдирип жатышат. Менимче, булардын аткарган функциясы абдан керек. Акты ак, көктү көк деп айтып турган бирөө болуш керек да.

Айдар Бакыев,
«Республикалык жаштар»
партиясынын төрагасы:
— Ушундай институттун түзүлүшү өзү жакшы нерсе. Мен колдоого алам. Коомго туура маалыматтарды берүүчү ушундай институттун болушу мурда эле керек эле. Алар жүргүзгөн жарытылуу саясаты жок болсо да, бүгүн максатына жетип отурат. Мунун өзү ийгилик. Буларды колдоого алуу зарыл деп эсептейм.

Жоомарт Сапарбаев,
жаш саясатчы:
— Коомдук парламенттин ишмердүүлүгүнө баа берүү азырынча эрте. Бирок, саясий процесстерге өзүнүн пикирин билдирип, коомду маалымат менен камсыз кылууда чоң аракети бар. Менимче, мунун өзү жакшы нерсе. Негизинен ушундай институттун түзүлүшү жана эл тарабынан кабыл алынышы үлкөн ийгилик деп эсептейм.

Манас ОСМОН


0520.htm





Губернаторы России
Москва

Собянин объявил о начале испытаний беспилотного трамвая в городских условиях и запуске виртуальной карты «Тройка»





Москва

Волшебное путешествие в мир музыки и кино


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин объявил о начале испытаний беспилотного трамвая в городских условиях и запуске виртуальной карты «Тройка»



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Тимати

Мать рэпера Тимати призналась, что оказалась в больнице после занятий фитнесом




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Новгородские студенты стали призёрами олимпиады по анатомии в Петербурге

«Евро-Футбол.Ру»: «Спартак» никогда не интересовался Сафоновым

Эксперт оценила развитие района Филевский парк


Елена Рыбакина

Определилась первая соперница Рыбакиной на Ролан Гаррос



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


VIP

Стоматолог Владимир Лосев, главный врач клиники «Мегастом»: как избежать появления оскомины на зубах



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России