Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Февраль
2020

13.05.08

0

«Аалам», 13.05.08 — 2-бет: Полит-элита…•№47, 13.05.08-ж.

  Полит-элита

И.Чудинов «Аалам-Ордону» айланып…
Кечээ премьер И.Чудинов көлдүн губернатор-акиминин коштоосунда «Аалам-Ордого» барып, Т.Керексизовдун курулушуна күбө болушту. И.Чудинов өкмөттөн «Аалам-Ордого» жардам болорун баса белгилеп, Ташкул атанын аяк-быягына аябай чыкты… Эсиңерде болсо, кылдан кыйкым издеген финполиция башында 20 млн. сом өндүрөбүз дешсе, андан кийин 11 млн. сомго, аягы 6 млн. сомго түшүшкөн. Эми И.Чудинов баргандан кийин «алабызды» унутуп, «беребиз» деп оозанып калышыптыр. Мындай үлкөн ачылышка бийлик бут тоспой, капкачан акылга келиш керек болчу.

К.Ташиевдин кандидатурасы администрация башчылыгына каралууда
Соңку учурда президенттин администрация жетекчиси М.Садыркуловдун көчүгү бошоп, анын ордуна МЧС анабашы К.Ташиевдин кандидатурасы каралууда. Ушу күндөрү Камчыбек мырзанын жакын достору алакан укалап, кадрдык жүрүштү күтүүдө. А М.Садыркуловдун кайсы орунга кудаланары белгисиз.

Кыргызстандын тышкы саясаты сазга батканда
Жакында ТИМдин акылмандар кеңешинин жыйыны өттү. Курамында: В.Богатырев, М.Иманалиев, З.Курманов ж.б. Көрүп атпайбызбы, бир жылдан берки ТИМ жетекчиси Э.Карабаевдин ишмердигин… Кыргызстандын тышкы саясаты кедеринен кетип, эларалык чөйрөдө өлкөбүз сазга батууда. Мындай «кесел» ТИМдин жүргүзгөн саясатына түздөн-түз байланыштуу. Бечара Э.Карабаевге аргасыз баш чайкайсың, акылмандары тиги болсо… Тышкы саясатыбызды абройлуу ыраатка сала албагандан кийин, ажо К.Бакиевдин бетине чиркөө эле болот экен. Ойлонушпайбы?

(Уландысы 8-бетте)


  Коңшулар козголоңу

Казакстан кризиси саясый кырдаалды курчутабы?..
Мындан үч ай мурда Казакстандын банк секторунда оор кырдаал түзүлгөнүн жазган элем. Бирок, анда өлкөнүн экономикасына көз салып турган рейтинг агенттиктери эч нерсе дей элек болчу. Банк кризисинин алгачкы белгилери өткөн жылдын октябрь айында эле байкала баштагандыгына карабай, абал оңолуп кетер бекен деген ой менен алар сабырдуулук көрсөтүшүп, эч кандай чечим кабыл алышкан эмес. 29-апрелде гана Standard & Poor»s рейтинг агенттиги Казакстандын суверендик рейтингин «туруктуу» деген баадан «негативдүү» деген баага төмөндөткөнүн жарыялады. Ошону менен катар ал өлкөнүн бир нече ири банкынын, анын ичинде «Казкоммерцбанктын», «Халыкбанктын», «Евразиябанкынын» жана мамлекеттик ишканаларынын рейтингин ылдыйлатты. Күтүүсүз «белек» кошуна өлкөлөрдөгү майрамдык маанайды бир топ бузуп салды.
Жакшылыктан үмүтү үзүлө элек казак бийлигине агенттиктин чечими өтө эле оор тийген өңдүү. 1-май менен 9-майдын арасында казак аткаминерлери чуру-чуу түшүп, биринин артынан бири реакция жасап жатышты. Өлкөнүн финансы министри жакында эле Эларалык валюта фондунун миссиясы келип кеткенин, ал экономикадагы абалды анчалык оор деп баалабаганын билдирип чыкты. Министр нефтинин баасы быйыл да өсүп жатканын белгилеп, оор абалдан чыгып кетүүгө өлкөнүн мүмкүнчүлүгү бар экендигин, рейтинг агенттиги жөн эле кыянаттык кылып жаткандыгын айтты. Президент Назарбаев болсо аны «төмөндөтүп туруп, арзан сатып алуу үчүн ойлоп чыгарылган амал» деп баалады.
Бирок Standard & Poor»s рейтинг агенттигинин чечими күтүүсүз деп айтканга негиз деле жок. Анткени Казакстанга дарыядай агып келген инвестиция түпкүлүгүндө кумга курулган финансылык пирамида болчу. Ал акыры бир күнү куламак. Кумга курулган дегенибиз, мунайдан башка тармагы өнүкпөгөн казак экономикасы анча акчаны сиңирип кете албайт эле. Казак банктары «асмандан түшкөн» акчаны кайда батыраарын билбей, кредит алам дегенге эле күрөөсүз эле берип калышкан. Алар акчаны бизге да таратышкан. Ал акчалардын баары ипотека деп үй курууга жана керектөө кредити деп жеп-ичкенге кеткен. Казак экономикасы өсүп жатканы менен элдин азыркы кирешеси анчалык үй куруп, акчасын кайтарып берүүгө жетпейт. Банктардын берген кредиттеринин 59% кайтарылбай турган акчалар экенин айтышат.
Пирамида дегенибиз, казак банктары мурда алган карыздарын кайра карыз алып жаап турушкан. Ал акчаларды кыска мөөнөткө алышкан. Элге болсо узак мөөнөткө берилип кеткен. Агенттиктин чечимине түшүндүрмө берип чыккан анын кызматкери Бен Фолкс казак банктарынын активдери начарлап кеткенин айтып, эми кайра карыз алуу алар үчүн кыйын болорун белгиледи. Бул өз кезегинде бюджеттик көрсөткүчтөрдүн жана тышкы соода балансынын начарлашына алып келерин, экономикалык өсүшкө да терс таасир берерин айтты. Агенттик Казакстандын ички дүң продуктусунун өсүш темпи быйыл 4%га да жетпейт деп болжолдоодо.
Билбегендер үчүн айта кетейин, рейтинг агенттиктеринин баасы өтө маанилүү болуп эсептелет. Анткени инвесторлор өздөрү кайсы өлкө же ишкана алган акчасын кайтарып бере аларын аныктаган анализ жүргүзө алышпайт, алар бирөөгө акча берерде рейтинг агенттиктеринин баасына таянышат. «Негативдүү» деген баа алган өлкөгө же ишканага адатта эч ким акча бербейт, берсе да үстөк пайыз чоң сурашат. Казакстан чет өлкөлөрдөн бардыгы болуп 100 млрд доллар карыз алган. Быйыл 14 млрд доллар кайтарып бериши керек болчу. Казак бийлигинин чый-пыйы чыгып жатканы ошондон. Мурда абалдан эптеп чыгып кетебиз деген үмүт болсо, эми казак банктарынын рейтинги төмөндөгөндөн кийин аларга мурдагыдай эч ким арзан акча бербей калат. Ал эми карызын төлөп бере албай, банктарынан айрылуу астында турат.
Бул жерде кыргыздарга сабак болчу эки нерсе бар. Биринчи сабак — акча болсо эле экономиканы гүлдөтүп жиберебиз дегендер терең жаңылышат. Экономиканы көтөрүү үчүн инвестиция сөзсүз керек, бирок ал бул үчүн таптакыр жетишсиз. Акча суу сыяктуу. Экономика даяр болбосо, ал бир долларды эки доллар, экисин үч кыла албаса, акча жукпайт. Бир жагынан агып келсе, экинчи жагынан агып кете берет. Кептин баары экономиканын иштеп кетүү жөндөмдүүлүгүндө. Казакстан рынок экономикасын түзүү боюнча реформаларды жүргүзгөнү менен, ал авторитардык бийликтен алыстай албай, тең укуктуу атаандаштыкка негизделген эркин экономика кура алган эмес. Келген акча рынок экономикасынын мыйзамдары менен пайдаланылбай, бийлик айткан жакка жумшалып, чачынды болуп кеткен. 100 млрд доллар инвестиция тарткан Казакстан бир дагы тармагын өнүктүрө албай, акырында баягы эле мунайга үмүт артып калды.
Экинчи сабак — Казакстан жардам берет деп үмүт кылып жаткандар үчүн. Ал азыр өз алапайын таппай турган кез. Назарбаевдин жылыга 100 млн доллар инвестиция берем дегенин мындан ары эстен чыгарып койсо болот. Казакстан азыр бизге акча бермек тургай, мурда берген акчаларын алып кетүүгө мажбур. Казактар алган «Талдыбулак», «Жерүй» алтын кендери, «Кристалл» жана башка ишканалар жакын арада иштетилбейт. Кыргызстандын банк секторунун жарымын түзгөн казак банктары банкрот болуп, биздин банк системабыздагы абалды курчутушу мүмкүн. Саясый кризиске да жол чабары күтүлүүдө. Өз күчүнө таянып өз алдынча саясат жүргүзүүнүн ордуна, Казакстан менен Россияны туурап, ошолор жардам берет деген саясат акыры ушуга гана алып келмек.

Сапар Орозбаков


0513.htm





Губернаторы России
Москва

Собянин рассказал о рейтинге регионов по уровню развития государственно-частного партнерства





Москва

«ИМЕНЕМ ЗАКОНА»: «СВЯТОЙ ЛЕНИН» ОТМЕНЯЕТ НАЛОГИ С ЗАРПЛАТ НАРОДА!


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Сергей Собянин. Главное за день



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Концерт

Тариф – Концерт. Провести свой Концерт.




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

В ОЭЗ «Технополис Москва» выпустили серию автомобилей для участия в чемпионате кольцевых гонок

В ОЭЗ «Технополис Москва» выпущена серия автомобилей для участия в чемпионате кольцевых гонок

Анимационной компании «ЯРКО» – 3 года!


Камилла Рахимова

Рахимова на отказе соперницы вышла в четвертьфинал турнира в Рабате



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

НАЛОГИ С ЗАРПЛАТ И НДС МОГУТ ОТМЕНИТЬ?! Государственная Дума и Правительство РФ оптимизируют налоги.



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России