Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Февраль
2020

06.05.08

0

«Аалам», 06.05.08 — 2-бет: Полит-элита…•№45, 06.05.08-ж.

  Полит-элита

М.Абдылдаев «окоптон» чыгабы?
Экс-администрация жетекчиси М.Абдылдаев канчага дейре «окопто» жатары белгисиз. Анын айрым оппоненттери «Абдылдаев үйдө жатып эле президент болот» деп шакабалап күлгөндөрүн коюшпады. Мыктыке маал-маалы менен Адахан досу экөө сырдашып, шыбырашып калмайы бар. Ажолукка амбициясы да ушул жактан ойгонуп жүрбөгөй эле.

К.Бакиев Орусияга аттанганы туру
Ажо К.Бакиевдин 7-майдагы Д.Медведевдин инаугурациясына чакырылганы маалым. Азырынча кимдер менен барары, Орусия бийлиги кандай кабылдары коомчулукка белгисиз. Бир эсе ажонун чакырылганы да олжо…

В.Путиндин эбегейсиз бийлигинен
Ошентип, 7-майда инаугурация өткөндөн соң, Д.Медведев Орусия бийлигинин башына отурат. Эң кызыгы, В.Путин 8-майдан баштап премьерлик креслону ээлеп, «Единая Россиянын» лидери боюнча калат да, парламентти, өкмөттү да колго алып, технический эмес, саясый премьер-министр катары ишин улантат. Бардык бийлик, саясый мүмкүнчүлүктөр колунда. Муну саясый акылмандык дейт.

Кыкеңдер В.Богатырев «сыйыртмагына муунганда…»
«Отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн» В.Богатырев деген политтехнолог бар. Акаевдик режимде «Алга, Кыргызстанды» түптөгөнгө идеялаш болуп, анысы аңга тыгылган. Эки жыл мурда Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнө шек келтирип, жоголуп кетүү коркунучун жар салган да ушул. Өткөн жылы «Акжол» партиясын түзүүдө көмүскө ролду ойногон. А эмки соңку жүрүшүн алсак, В.Богатырев Бишкек-пресс клубуна макала жарыялап, кыргызга күйүмүш эткендей баш тумандатат. Улутчулдук идеясын көтөрүп. Баскан жолун караң да, жыйынтык чыгара бер. «Алга, Кыргызстан» жардан ары кулаганы аз келгенсип, эми «Акжолдун» абалы коркунучта… Кызыгы, мунун артынан З.Курманов, М.Иманалиев, С.Шлепченко сыяктуулар чуркашат (чыгырык түрткөн балдар сымал). Эки доордун политтехнологу болуп, кыргыз саясатын тымызын «былгытып» атса, В.Богатырев мырзага эч ким кың дебейби? Баса, мунун артында А.Машкевич турат. Ушул сыяктуулар азыр кыкеңдерге кылтак ыргытып, «муунтуп алууга» өтүштү. Булардын сай-сайын билгичекти сайылып кетпегей элек…

Оштук сойкуларды жар салган ОРТ
Кыргызстандын эларалык имиджинин түшүп баратканы аз келгенсип, мурдакүнү дагы бир маалымат бийликке сокку катары тийди. Оштук сойкулар Борбор Азиядан Түркияга чейин «этек базарын» камсыздаганын ОРТ жар салып чыкты. Ошту сойкулар шаарчасы катары көрсөтүп, аргумент-фактылар менен ырастаганга үлгүрүштү. «Атың чыкпаса, жер өрттө» деген ушул. Мындай маалыматтын таркашы менен кыргыз улутуна, мамлекеттүүлүгүнө катуу шек келди. ОРТ өкмөттүк канал экенин эске алса, мындай көрсөтүү менен Орусия бийлигинин саясаты Кыргызстанга өзгөрүлгөнүн ашкерелейт. Башка жагынан лидер боло албасак да, сойкулук менен рекорд койгонго жетишиптирбиз.

А.Эркебаев Кытайда
Коомдук парламенттин спикери А.Эркебаев саясаттан убактылуу чегинип, Кытайда эсалып жүрөт. Эми оппозициянын айрым өкүлдөрү А.Эркебаев сыяктуу ээндей баштайбы?

Оппозицияны сындырууга ашыккан күчтөр
Күзгө чейин кара тизмедеги: А.Атамбаев, Ө.Текебаев, А.Жекшенкулов, Б.Бешимов, Т.Сариев, А.Бекназаров сыяктуу лидерлерди саясый аренадан сүрүп чыгаруу вазийпасы көрүлмөкчү. Сынганын сындырып. Натыйжада, оппозиция жээги бирикпесе, күзгө чейин чилдей тарап, эркин микрофон эмес, эркин басалбай калышары да ажеп эмес. Соңку саясый чабуулдарга токтосок, бийлик А.Жекшенкуловго көбүнесе муштум кезегени ачык байкалууда.

Б.Бешимов
А.Атамбаевдин дублерубу?
СДПК лидери А.Атамбаев президенттикке ар дайым даяр экенин жашырбай келет. Мындан ары мамлекет башчылыгына партиядан Б.Бешимовдун да аты аталып, ниетинин бар экени маалымдалды. Б.Бешимов А.Атамбаевдин дублеру катары бекем тура алабы? Эми муну мезгил көрсөтөт дечи. Бакыт мырзанын соңку аракетин эске алсак, ал Америка, Орусия өлкөлөрүнүн саясый күчтөрү менен жолугушуп келип, азыр тымызын даярдыкка өткөн кербези. Эгерде Б.Бешимовду Түндүк-Түштүк жакындан кабыл алса, А.Атамбаев деле жол бошотуп берерин байкаткан жайы бар. Бирок, президенттик шайлоо 2010-жылы өтөт. Негедир СДПК күзгү президенттик шайлоого даярданып аткандай элес жаратууда… Бороон болобу?

30-жылдардагы казактардан дейби…
Түптөгү жөө жүрүш боюнча Ч.Жакупова маалымат жыйынында кызык кеп айтты. Оппозицияга атырылган катындар 30-жылдары Казакстандан ооп келгендер экенин, ошол ызы-чууда казак номерлүү машинелер да жүргөнүн жашырбады. Мындай логика жаралган соң таңгалбай койбойсуң. Кызык факты.


0506.htm





Губернаторы России
Москва

Собянин: В этом году к проекту «Открой#Моспром» присоединился один миллион человек





Москва

травят изгоя писателя на районе даже менты тоже


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин утвердил проект строительства общественно-делового центра в ЗАО



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Джиган

"Как в раю": Джиган и Самойлова исполнили мечту знаменитой "диско-бабушки" из Коми




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Рок-версия гимна Белогорска прозвучала на масштабном рок-н-мобе

Спортсмен Росгвардии занял второе место в личном многоборье на Играх БРИКС

Школьник из Ставрополя пробился в финал международного турнира по шахматам


Екатерина Александрова

Теннисистка Екатерина Александрова вышла в полуфинал турнира в Хертогенбосе



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Game News

Real Commando Shooting 3D 6.0



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России