02.05.08
«Аалам», 02.05.08 — 2-бет: Полит-элита…•№44, 02.05.08-ж.
Кыргыз кинону казганда…
Акүйдөн эсеп палатасына айдактама команда түшкөнбү (?), айтор, Кыргыз кино президенти З.Эралиевдин ишмердигин, кылган аракеттерин каздырып эле жатып калышты. Бу боюнча дагы изилдөө жүргүзөбүз.
И.Кадырбеков
саясый туткун беле?
Кыкеңдерде ушундай, бирөө камалды дегиче ал саясый баатырга айланат да, чуу чыгат. И.Кадырбеков ким эле? К.Бакиевдин доорунда кайчы пикир айтып, элдин таламын талашты беле? Шүк эле «суу куюп» жүргөн… Эми саясый туткун деп айтууга кантип ооз барсын (?), бу жагын күч органдары далилдеп, кылган кылмышын ашкерелеп атпайбы? «Өзүң кылган иш өз башыңа муш» дейт. Бийликте отуруп, жеп-ичип сүрүлчүлөр дагы чыгат. Бул мыйзамченемдүү көрүнүш. А кокус оппозиция лидерлерин камаса (түштөн кийин), анда кеп башка.
Оппозиция ажырымы,
Ө.Текебаевдин тапанчасы…
Өткөндө «Аки-прессте» оппозиция маалымат жыйынын өткөрүп, жандуу кептер айтылды. Таңкалычтуусу: А.Бекназаров, Т.Сариев, А.Эркебаев сыяктуу саясатчылар маалымат жыйынга катышпай коюшкан. Бу көрүнүш менен оппозиция жаракасы кеттиби? Жылан чакпай эле… Айтмакчы, бу пресс-конференцияда Ө.Текебаев Ф.Куловдон белекке тапанча алганын, аны тагынып жүргөнүн да жашырбады.
Эми «Замандаштын» Курултайы
«Замандаш» партиясы 17-майда үлкөн Курултайын өткөзүүгө даярдыгын баштады. Партиянын лидери М.Өмүракунов узакка созулган командировкадан келип, жыйындын уюштуруу камына өттү. Кыргызстандын бардык регионунан делегаттардын келүүсү күтүлүүдө.
Элмира айымдын атасына арман кылышып…
Чүйлүк аксакалдар «акжолчу» Э.Ибраимованын съезддеги сүйлөгөн сөзүнөн кийин түңүлүшүп, тескери бурулуп кетишти. Элмира айымдын атасы Султан Ибраимовдун тазалыгына, чынчылдыгына, эл үчүн иштеген эмгек-мурасына аксакалдар арман кылышып, кызынын «дүжүр» кейпине ичтери чыкпады. Элдин турмушу башка, Э.Ибраимованын айткан-дегени башка болуп…
М.Чолпонбаев менен Э.Каптагаев катардан сызылат дейби?…
Оппозициянын жөө жүрүштө кагуу жегени, максат ишке ашпаганы кызык… Буга бирден-бир себеп: М.Чолпонбаев менен Э.Каптагаев «көлдүктөрдү биз чогултабыз, баарына даярдайбыз» деп айтышып, а иш жүзүндө калптары чыкканы дайын болду. Уюштуруу иштери көрүлбөй, куру сөзгө оппозиция лидерлерин сугарып, мас катындарга салып беришти. Натыйжада, кылган кылыктары үчүн М.Чолпонбаев менен Э.Каптагаевди катардан сызып салуу маселеси каралууда…
«Акыйкат» лидерлери үрккөндө…
Баса, «Акыйкат үчүн» кыймылы «Аки-прессте» маалымат жыйынын өткөзүп, чыга бериштен оозун тиккен аялга кезигип, үркүп кетишип, жама-ан абалда калышты. Ал кургур эненин баласы адилетсиз камалып кеткен имиш. Коомчулук азыр кайда баратат? Акыйкат үчүн жан кечүүлөр минтип четтен чыгып атса, Акүйгө коңгуроо болсо дейсиң.
Кечээ К.Бакиев куугунтукталса, бүгүн А.Жекшенкулов…
Оппозиция лидери А.Жекшенкуловдун инисине бийлик куугунтук жасап, жумуштан алганы боюнча «Азаттык» радиосу айтып чыкты. Кезинде акаевдик режим да К.Бакиевди куугунтуктап, иниси Ж.Бакиевди кызматтан кетирген. Тагдырдын тамашасы дейбизби, бүгүн андай тагдырдын кайталанганы кызык. Ток этери, А.Жекшенкуловдун куугунтукка түшкөнүнөн ажо кабардарбы? Эгер кабардар болсо өз тагдыры эске түшөт эле…
Үсөн акенин аброю кум сыяктуу эшилгенде…
«Акжолдун» съездинде кадимки Үсөн аке Сыдыков духу түшүп, чүрүшүп-бүрүшүп отурганы нени каңкуулайт? Таңгалычтуу. Же өтпөй калган партиясына арман кылганыбы? Баса, Ү.Сыдыковдун көздөй күйөө баласы Н.Айдаров рэкеттерге 250 миң доллар салык төлөгөнү боюнча каңырыш кеп тараган. Айтор, неси болсо да «Үсөн аке» деген абройлуу ысым кум сыяктуу эшилип бараткандай…
«Акжол» съезди КПСС съездиндей…
М.Садыркулов түзгөн «Акжолдун» курултайын мында-ай жактан карасаң, кудум эле «Алга, Кыргызстан» менен чиновниктердин жыйынындай көрүнөт экен. Дегеле айтылган сөздөрүндө бири-бирин мактамай, реалдуу турмуштан жогору турмай, асмандамай сыяктуу туюлганын кара. А эл жерде да. Көп көйгөй айталбай, болгону айлык жөнүндө гана кеп болду. Кызыгы, урап бараткан СССРди эске салып, акыркы КПССтин съездиндей дүркүрөгөн кол чабуулар, акыркы эргүү күүсүндөй сезимдер жангандай… Айла жок тура.
0502.htm