Активисттер тобу Ошто коркутуу болгонун айтып чыкты
![Активисттер тобу Ошто коркутуу болгонун айтып чыкты](https://gdb.rferl.org/DA71E8FF-FAD0-49E3-987C-6332AB614751_cx5_cy2_cw42_w800_h450.jpg)
Ошто жарандык активисттер коркутууларга туш болуп жатканын айтып чыгышты. Бул тууралуу активист Улан Үсөйүн "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, 13-январдын кечинде аялдардын коштоосунда келген чымыр денелүү жигиттер активисттер тобунун Оштон чыгып кетүүсүн талап кылышкан:
"Иш-чара өтүп жаткан жерге келип, “эркексиңби, жүр, чык эшикке” дей башташты. Анан колдон сүйрөй баштады. Телефон тартып баштасам жулуп алганга аракет кылышты."
Ош шаарына активисттер Улан Үсөйүн, Данияр Аманалиев жана Азизбек Ашуров "Валить нельзя остаться" деп аталган семинар өткөргөнү барышкан. Алар аймактардагы жаштар арасында шыктандыруучу семинарларды ырааттуу өтүп жүрүшөт.
Улан Үсөйүн акыркы окуя боюнча милицияга арыз жазганы жатканын кошумчалады. Ал - Бишкекте коррупцияга каршы митингдердин уюштуруп жүргөн активисттердин бири.